Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум 9-июнга саат 10:00гө дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, соттук отурум Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгынын астында өтөт.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.
2017-жылдын 21-апрелинде Аида Салянова өзүнө ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. "Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган материалдар менин кыймыл-аракетим мыйзамга ылайык болгонун, Юстиция министрлигинин он жылдаган тажрыйбасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин тастыктады. Катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда", - деген Салянова.
29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өткөн. Анда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн келтирген. Судья Мирлан Термечиков бул өтүнүчтү канааттандырган.