Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулардын окуясын милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев маалымдады.
“Айдоочулар жолдун ортосунда мушташкан видеону интернеттен көрдүк. Азырынча окуя боюнча бизге арыз түшө элек. Бирок видеого тартылып калган жол эрежесин бузган айдоочуга тиешелүү чараларды көрөбүз”, - дешти милициядан.
Эскерте кетсек, 30-май күнү Бишкектин Шабдан баатыр-Анкара көчөлөрүндө эки айдоочунун жолдун ортосунда мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Окуяда кара түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, тоскоолдук жаратканы айтылган.