Бишкектин четиндеги айланма жолдо велосипедчен адамды автобус сүзүп каза болду

31-майга караган түнү Чүйдүн Аламүдүн районунун аймагындагы айланма жолдо велосипед тээп бара жаткан 24 жаштагы жаранды автобус сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Бул маалыматты Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясы билдирди.

Автобустун айдоочусу окуя болгон жерден кармалган. Ал 1959-жылы туулган Сокулук районунун тургуну экени аныкталды. Ал эми каза болгон жаран Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун 1994-жылы туулган жараны экендиги такталган. Учурда автобус айып төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочусу Аламүдүн РИИБине жеткирилди. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
solntse95
2017-05-31 14:45:13
94тор 24 жашка чыгып калыштыбы?
+3
Best.bakyt
2017-05-31 14:55:37
solntse95,эсептебейсинби озун алуу кошууну билесинби?
-9
Nurdan1112
2017-05-31 15:00:38
solntse95,23ко
0
mikoo
2017-05-31 15:48:16
Мына сага эми жок жерден бир киши камалат ,эрте мн жумушка деп чыккан киши тушто камакта отурса((
+4
Floweriza
2017-05-31 15:50:17
Экоондо тен куноо болсо керек,94тор 23ко чыгат,быйыл 93тордун мучол жылы 24
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан