Жол талашып мушташкан айдоочулар кармалып, аларга 1500 сомдон айып пул салынды

Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулар кармалып, аларга 1500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу 31-майда Бишкек ШИИББи билдирди.

Тайота Виндомдун айдоочусу Сокулук районунда жашаган 27 жаштагы жаран болуп чыкты. Ал эми экинчиси Лексус 570 унаасынын айдоочусу Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну болгон. Коомдук тартипти бузгандыгы, башка жарандарга тоскоолдук жараткандыгы үчүн эки айдоочуга тең 1500 сомдон айып пул салынды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-май күнү Бишкектин Шабдан баатыр-Анкара көчөлөрүндө эки айдоочунун жолдун ортосунда мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Окуяда кара түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, тоскоолдук жаратканы айтылган.

Бишкекте айдоочулар жолдо мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
tular
2017-06-01 08:15:36
Ишеггени бар учун каршы тилкеге чыктыда.
+6
ekaterinburg
2017-06-01 08:22:02
Эмнеге экооно тен бирдей?Тиги Лексусту кеминде айдоочу куболугун"лишать"этиш керек болчу!!!
+18
ady-88
2017-06-01 08:57:09
Анткени бизде акыйкат деген олуп калган. Встречной полосага чыккан айдоочуну правасын алып койбостон 15суткага камаш керек эле. Ал эми виндом тойота унаасынын айдоочусуна административтик штраф кылганы туура эле.
+8
Krai
2017-06-01 09:03:41
Кордунорбу бизде акыйкаттын жоктугу экооно бирдей айып салганы туура эмес эмнеге Лексустун айдоочулук куболугун алып койушпайт ал жонокой Адам эмес жонокой адам андай машина мине албайт каршы тилкеге чыга албайт виндом туура кылган себеби виндомдун жолу да
+9
Krai
2017-06-01 09:05:58
Эгерде ушул окуя Казахстан же Россияда болгондо корот элем Лексус болмоктон президент болсо да жазасын алмак
+10
Take_men
2017-06-01 09:44:42
Виндомдун куноосу жок. Ага айып салган туура эмес
+4
juma11anara
2017-06-01 09:46:10
Берене235 4-болук айып пул 1000сом.
Берене241 1-болук айып пул 2000сом.
Берене249 1-болук айып пул 2000сомдон 5000сомго чейин.
Баарын кошкондо 5000сом же болбосо 8000сом болмок Лексус учун. Ал эми Тойота учун берене 249 1-болук айып пул 1000сом.
+5
butun.kg
2017-06-01 10:14:15
Чындык жок. Шайлоодо чындык мн шайлоо болбосо мин же жуз долларга шайласанар ушундай корунуш боло берет.акчасын албагыла кыргыз деген намысын барын.
+5
tulpar90
2017-06-01 10:30:58
Арзан эле экен.
+2
TalaCSKA
2017-06-01 11:08:10
Акыйкаттык кайда ????каршы тилкеге чыккан айдочуга жок дегенде кичине кобурок салса болбойбу?же жол эрежесинде барбы кандайдыр бир себеп менен каршы тилкеге чыкканга болот деген мыйзам ?
+1
adanov
2017-06-01 13:05:45
Красавчик виндомдун водители
+2
A.Alymbek
2017-06-01 15:26:26
уруусу куч болсо ээси доого жыгылат -бекер айтылган эмес да....
+2
tyka
2017-06-01 23:29:51
Виндомдун айдоочусуна Эмне учун айып салынды?
0
Nurba.kubatovich
2017-06-02 00:17:52
кызматта тайке байкеси барлар ушинтип журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан