Чүйдө 19 жаштагы бала өзүнөн 12 жаш улуу киши менен мушташып бычактап өлтүргөн деп кармалды

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын жашоочусу адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү Чүй райондук аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам бир жаран жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү делинип, 19 жаштагы жергиликтүү жашоочу кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран менен анын ортосунда пикир келишпестик жаралып, экөө уруша кетишкен. Жыйынтыгында бири бычактан жаракат алган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кармалган жаран Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан