ӨКМнын алдындагы авиациялык ишкананын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиациялык мамлекеттик ишкананын директору, анын орун басары жана мекеменин юристи 8 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу 2-июнда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына А.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал соттогу ишин оң жагына чечип берүү үчүн 25 миң доллар пара талап кылган Авиациялык ишкананын жооптуу кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.

Бул боюнча 31-майда Бишкек прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. 1-июнь күнү аталган иш боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында ӨКМнын алдындагы авиациялык ишкананын директору, орун басары жана мекеменин юристи 8 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ӨКМнын кызматкерлери пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2017-06-03 09:20:46
Супер Инфо сураныч мурда корупция менен кармалган жоопту кызматкерлер азыр эмне кылып жатышат кимиси кандай жоопко тартылды кимиси дагы эле ошол кызматында олтурат ошолордун бир топтомун иликтеп чыгып берсенер .эмесе кармалганын эле угабыз ии деп суйунуп калабыз бирок убакыттын отушу менен унутулушат.
+12
Asan123
2017-06-03 10:27:36
Жанлык кылдынар суротун ким ал кайсы жерде иштеди ошол нерсени да чыгаргыла же пара алган адам уялып калбасын деп А анан Б. Деп Окм кармады бутубу чын болсо ишине турган кылып чыгаргыла
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан