Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 9 өрт кырсыгы катталып, 2 унаа күйүп кетти

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугуна каршы агенттиги билдиргендей, өткөн суткада Кыргызстан боюнча 9 өрт кырсыгы катталды. Атай кетсек, Бишкек шаарында -3, Чүй облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2, ал эми Ош жана Баткен облусунда 1ден өрт кырсыгы орун алды. Ошондой эле бир сутка ичинде 2 автоунаанын күйгөнү белгилүү болду. 15-ноябрда Бишкектин Боталиев көчөсүнөн Мерседес-Бенц S 500 үлгүсүндөгү унаа белгисиз себептерден улам толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Ош шаарындагы Масалиев көчөсүнөн Ауди 80 үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, мотору күйүп кеткен.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан