Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен “Спринтер” сүзүшүп, 2 адам көз жумду

Бүгүн, 5-июнда түнкү саат 3:00дөр чамасында Бишкек-Ош жолунун 239-чакырымында “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа сүзүштү. Кырсыктан 2 адам каза таап, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында, Чычкан капчыгайынын ичинде “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Спринтер” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада "Спринтерде" болгон 1 аял, 1 эркек адам ошол жерден каза болуп, дагы 2 адам жаракат алган. Алар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилгенин катчылыктан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pero123
2017-06-06 12:49:39
спринтердин сүрөтү жок го!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан