3-класстын окуучусун зордуктоо аракетин көргөн 33 жаштагы жарандын иши сотко өтөт

10 жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөн деген божомол менен 33 жаштагы жарандын кармалгандыгы боюнча видео ушул жылдын 3-апрелинде тартылган. Мындай маалыматты бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарынын батыш тарабындагы Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. Конуштагы үйлөрдүн биринен өспүрүм кыздын жардам сурап кыйкырган үнүн кошуналары угушкан. Кызга жардам көрсөтүү үчүн барган жашоочулар колуна бычак кармаган жигитти кармашып, милицияга өткөрүп беришкен.

“Ал күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушунун тургундарынан чакыруу түшүп, ыкчам тергөө тобу жетип барган маалда конуштун жашоочулары 10 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган адамдын колун байлап кармап турушкан. Шектүү Жалал-Абад облусунда 1984-жылы туулгандыгы аныкталды. Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери аяктап, материалдар сотко жөнөтүлүү алдында турат”, - деп билдирди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Alibay
2017-06-05 14:44:56
Видеосун коруп балким зордуктабагандыр деп ,боорум ооруду эле.Корсо чын экен да.
+2
Mumu1986
2017-06-05 14:56:46
Блин, жашоодо кандай жаман жолго тушушсода, жаш балдарга тийбейле коюшса.
+2
kychan.98
2017-06-05 14:59:16
Меесинен айныган болуш керек соо адам мындай жолго барбайтго. ХХХ
-1
admin_superstan
2017-06-05 15:45:57
kychan.98, этика нормаларын сактаңыз.
-1
ADIL_AYDAROV
2017-06-05 15:20:08
Тобо Неге ушундай адамдар көбөйүп кетти а ХХХ ХХХ.
-1
admin_superstan
2017-06-05 15:48:43
ADIL_AYDAROV, этика нормаларын сактаңыз. Провокацияга жол берилбейт. Эскертүү!
-1
jazi_90
2017-06-05 15:40:41
120 сом
+1
KG.Kushtarbek
2017-06-05 16:18:04
Эн улуу кундо олгон екенсинда. ХХХ
+3
kychan.98
2017-06-05 16:23:18
KG.Kushtarbek,супер инфодогулар айткандай алигисинби
+3
admin_superstan
2017-06-06 09:46:08
KG.Kushtarbek, провокацияга жол берилбейт. Эскертүү!
0
aragorn11
2017-06-05 17:54:45
Кудайым сактасын! Кайда баратабыз билбейм. Айрымдар заман бузулду дейт. Бирок менин оюм заман эмес адамдар бузулду. Ыйман кетти, адамдар уят-намыс деген нерселерди унутуп калышты. Кудайым озу туз жолго салсын баарыбызды. Ушундайлардын устунон шарият соту болгондо, коргондор кайра мындай ыпластыкты кайталамак эмес!!!
0
Samat1992SM
2017-06-06 00:29:39
Басып асып олтуруп салыш керек зачем соттоп камап багышыбыз керек акча коротуп.И бул адам болбойт эч качан журогундо кара так калат и башкасын да кылат.Соттобой олтуруп керек элге сабак болгудай кылып и олум жазасын киргизбесек эки буттуу айбандар кобойду!!!
0
nazika92
2017-06-06 03:50:32
Ушундай 2 буттуу айбандарды жер усту кантип которуп журот? Эркектер олоюн дер калышканбы? Аябай даман болуп отурам, видеону коруп. 1муноттук кумары учун жаш кыздын тагдырын бузуп жаткандыгын тушунбойт экен го ушул айбандар! Мындайлар омурундо онолбойт, ХХХ ХХХ элдин козунчо! Башкасына да сабак болсун ! Ар бирибиздин башыбызда бала бар, ушундай шумдуктарды угуп отуруп, журогум ооруп бутмой болду! Эмне эле болуп баратабыз?! Кудай балдарыбызды сактай кор!
0
admin_superstan
2017-06-06 09:46:41
nazika92, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Aziz91
2017-06-06 21:05:23
Заманан кургуур не деген шумдук окуялар болуп жатат.Кудай сактасын тообо кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан