Бишкектин көчөлөрүнөн ок атуучу курал таап алган жарандар милицияга кайрылышты

Бишкек ШИИБси билдиргендей, ок атуучу курал таап алган 2 жаран милицияга кайрылып, куралдарды тапшырышты. 15-ноябрь күнү Келечек жаңы конушунун тургуну милицияга 12 калибрлүү ок атуучу куралын укук коргоо органдарына көтөрүп келген. Айтымында, ал куралды Бишкек шаарынын Жибек Жолу - Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен таап алган. Ушул эле күнү Ново-Покровка айылынын жашоочусу баш калаанын Лев Толстой - Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен ИЖ-17 куралын таап алганын айтып, милицияга алып келип берди. Табылган эки куралда тең ок болгон эмес. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан