Баткен. Лейлек районунун аймагында мал жандыктардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү күчөтүлдү
2012-жылы райондун аймагындагы мал жандыктардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү, алдын ала эмдөө, диагностикалык изилдөө жүргүзүп малдын башын көбөйтүү, мал азыктарын сапаттуу өндүрүү багытында Лейлек райондук
мамлекеттик администрациясы тарабынан такай көзөмөлдөө күчөтүлүүдө.
2012-жылы 25 адам
бруцеллёз менен ооруп катталган, 2011-жылы 9 ай ичинде 99 адам аталган ооруга чалдыккан. Башкача айтканда, былтыркы жылга
караганда ооругандардын саны 73 кишиге азайган. Ири мүйүздүү
16 500 баш
малдан кан алып
текшерүү пландаштырылып, 23 400 баштан кан алынган, андан 30 баш оң
реакция берип, бардыгы союлуп жок кылынган.
Ал эми Ветеринардык диагностикалоо борбору жыл башынан баштап эле райондун аймагынан ар кандай мал ооруларына диагностикалык
жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө. 2012-жылдын 9 айына 26 982
баш малды изилдөө пландаштырылган болсо, 55 227 баш изилденип 2 эсеге ашкан. Бул тууралуу Лейлек
райондук администрациясынын аппарат башчысы Эрмек Бахавадинов билдирди.