Учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жүк ташыган унаа менен май куюучу жай өрттөнүп жаткан жерге 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 17:25те келип түшкөн. Учурда өрт болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Азырынча жабырлануучулар бар же жок экени тууралуу маалымат жоктугун, окуя тууралуу маалыматтар берилерин билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июнда Ананьево айылында жүк ташыган унаа жана май куюучу жай өрттөнүп жатканын окурман кабарлаган.