Бишкекте К.Осмоналиевдин байгеси үчүн оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды
Бүгүн Бишкекте оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн мааракелик - 25-эл аралык мелдеш башталды. Мелдеш Спорт Ордосунун машыгуу аймагында орун алып, ага Кыргызстандын облустарынан тышкары Казакстан менен Тажикстандан келген спортчулар катышууда. 2 күнгө созулчу мелдеште кыз-келиндер арасында да чемпиондор аныкталмакчы.