Кыргызстандык жазуучу Асел Аяпова Австриянын Вена шаарында өткөн "Адабий Вена-2012" форумунда "Балдар жана өспүрүмдөр" номинациясында лауреат болду. Кыргыз жазуучусу аталган форумга "Токой ээсинин небереси" деген чыгармасы менен катышкан. Айта кетсек, аталган форумга 33 өлкөдөн 1000ден ашык чыгарма коюлган.