Кыргызстандык окуучу орус тили боюнча Эл аралык Олимпиадада 1-орунду ээледи
Бүгүн Москва шаарында КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн арасында Орус тили боюнча IX Эл аралык Олимпиада аяктады. Кыргызстандан Олимпиадага Бишкек жана Чүй облусунан 6 окуучу катышкан. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы №24-мектептин 10-классынын окуучусу Сабина Водянова абсолюттук жеңүүчү болуп табылып, Орусиянын каалаган ЖОЖуна бекер окуу үчүн сертификат алды. Ал эми Токмок шаарындагы №1-мектептин 10-классынын окуучусу Полина Михальская "Жакшы окуучу" сынагынын жеңүүчүсү болду. Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Б.Жунусов жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктап, атайын белектерди ыйгарды.