Нарын. "Өлкөбүздүн өнүгүшү - чыр-чатак, зомбулуксуз" деген ураандын алдында акция өттү
“Нарын билим берүү
долбоорлорунун агенттиги” коомдук бирикмеси кезектеги долбоорун “Өлкөбүздүн
өнүгүшү - чыр-чатак, зомбулуксуз!” деген ураандын алдында Нарын шаарынын №87-кесиптик техникалык лицейинин имаратында акция өткөрдү. Бул долбоор Бириккен Улуттар
Уюмунун Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн “Комплекстүү өнүктүрүү” программасынын
алкагында колдоого алынган. Иш-чаранын максаты - ар кандай чыр-чатак, чыгым,
зордук-зомбулук көрүнүштөрдүн алдын алып, эл арасында тынчтык, бейпилдик, ырашкерлик маанайга үндөө максатында чоң
маалыматтык компания жүргүзүү. Акцияга өз мисалы менен үлгү болгон
үй-бүлөлөр, алардан үлгү, тарбия ала турган жаш улан-кыздар катыша алышты. Андан
сырткары эл аралык уюмдардан, мамлекеттик ишканалардын үй-бүлө менен иш алып
барган кызматкерлери, дин кызматкерлери
ардактуу конок болуу менен бирге өз тармактарында аялдарга, жаш балдарга болгон
зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгы
тууралуу айтып беришти.