Талас шаарында жана Кара-Буура районунда "Кырк чоро" жаштар борбору ачылды

16-ноябрь күнү Талас шаарында "Кырк чоро" деген аталышта  жаштар борбору ачылды. Иш-чарага КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов, Талас шаарынын вице-мэри Кубанычбек Осмонов катышты. Белгилүү болгондой, 2010-жылы облус жаштары иштебей турган "Кырк чоро" кинотеатрын жаштар борборуна айлантуу сунушун айтышкан. Ал сунуш ишке ашып, аталган жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ичи керектүү буюмдар менен камсыздалды. Бул борбор жаштардын компьютер, чет тилин үйрөнүүгө, бир катар тренинг, семинар, тегерек столдорду уюштуруп, өз ара тажрыйба бөлүшүүгө шарт түзүп берет дешет уюштуруучулар. Ушундай эле жаштар борбору Кара-Буура районунда да ачылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан