Бүгүн Бишкекте "Таштанбек" аттуу тасманын бет ачары болот

Бүгүн Бишкектеги Кино үйүндө "Таштанбек" аттуу фильмдин бет ачары болот. Тасманын сценарийин Кыргыз Эл артисти Тынай Ибрагимов жазган. Бет ачарга Ысык-Көл облусунун жашоочусу, кинонун башкы каарманы Таштанбек Акматов катышат. Башкы каарман Таштанбек Акматов - Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы, башкача айтканда, чабандыктан тарта бийликтин жогорку баскычына чейин жеткен инсан. Ал - өз өмүрүндө жашоонун акыйкатсыздыгы менен катаалдыгын көрүп, турмуштун сырын 5 колундай билген адам. Тасмада анын өмүрүнүн жаркын, урунттуу учурлары жана бүгүнкү жашоосу чагылдырылат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан