Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаарында түшүм майрамы белгиленди. "Алтын күз, түшүм майрамы" жарманкеси болуп, Ош облусунун ар кайсы райондорунан алынып келинген айыл чарба жемиштери коюлду. Мындан сырткары "Мыкты малчы", "Мыкты жылкычы", "Мыкты багбан" сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле облустук ат майданда улуттук ат оюндары өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болуп кайтышты.