Башкы прокуратуранын жумушчу тобу Орусияга тажрыйба алмашуу үчүн жөнөп кетти

КРнын Башкы прокуратурасынын жумушчу тобу тажрыйба алмашуу, прокуратуранын 10 кызматкеринин квалификациясын жогорулатуу максатында Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетишти. Алар 18-ноябрдан 5-декабрга чейин Орусияда болушмакчы. Бул иш сапар КРнын Башкы прокуратурасы жана Орусиянын Башкы прокуратурасы менен биргеликте уюштурулуп, Кыргызстандан барган 10 өкүлгө атайын окуулар болот. Соңунда Орусиянын Башкы прокуратурасынан аларга атайын квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү тууралуу сертификаттар берилет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан