Ысык-Көл. "Ысык-Көл мырзасы-2012" жана "Ысык-Көл периси-2012" наамдары өз ээлерин тапты

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү облус боюнча өткөрүлгөн “Сулуулук дүйнөнү сактап калат” аттуу “Ысык-Көл мырзасы жана периси-2012” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чарада катышуучулар кыргыз улуттук кийимдерин кийип өз таланттарын көргөзүштү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын өзгөчөлүгү кыргыздын үрп-адат, каада-салттарынын көргөзүлгөнүндө болду. Баш байгеге кыздар арасынан Элнура Калыкова, мырзалар арасынан Элдияр Жапаров ээ болуп, жеңүүчүлөргө Каракол тоо-лыжа базасына эс алууга жолдомо берилди. Кыздардан 1-орунга Айпери Аскерова, 2-орунга Айгерим Темиралиева, 3-орунга Чолпон Кемелова татыктуу болду. Ал эми мырзалардан Арген Айманбаев 1-орунга ээ болуп, жеңүүчүлөргө чакан белектер тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан