Ысык-Көл. Грек-рим күрөшү боюнча Республикалык мелдеш өтөт
Ысык-Көл
облусунун Каракол шаардык мэриясы жана балдар, өспүрүмдөр мектебинин жетекчилигинин
колдоосу менен 22-ноябрдан 24-ноябрга чейин облустун борборунда Элге билим берүүнүн отличниги Рашид Хасановдун
жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Республикалык мелдеш өткөрүлөт. Ага өлкөнүн бардык облустарынын
балбандары келери күтүлүүдө. Мелдештин жеңүүчүлөрүн дипломдор жана баалуу сыйлыктар күтөт .