Ысык-Көл. Ысык-Көл районунда 2 окуучу өз жанын кыйды

Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Ички иштер Башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Мелис Чокенов билдирди. Маалыматка таянсак, 12-ноябрда Ананьево айылында 1996-жылы туулган Азамат Жаныш уулу өз үйүндөгү сарайда жипке муунуп каза болгон. Экинчи окуя ушул эле райондун Семёновка айылында 15-ноябрда катталып, 1995-жылы туулган Улукбек Урматбековдун денеси үйүндөгү мал сарайда жипке асылган жеринен табылды. Учурда бул эки окуя боюнча териштирүү жүрүп, өз жанын өзү кыюу себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, балдардын үй-бүлөлөрүндө чыр-чатак, ата-энелери менен араздашуу болгон эмес.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан