Кыргызстанда пенсия курагындагы жарандардын 68 пайызы айылда жашашат
Учурда Кыргызстандагы жалпы пенсионерлердин 8 пайызы иштөөсүн улантып жатат. Бул тууралуу 19-ноябрда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абдыжапаров билдирди. "Пенсионерлердин 92 пайызы иштебейт. Учурда алардын 32 пайызы шаарда жашаса, 68 пайызы айылдарда турат",- деди Абдыжапаров. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө бир пенсионерге ишке жарамдуу 2 адам туура келерин, негизи, 1 пенсионерге 3 адам туура келиши керектигин белгиледи.