Соцфонд: "2050-жылы Кыргызстанда ишке жарамдуу адамдардын саны азайып, пенсионерлер көбөйөт"

"2050-жылы Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адамдардын саны азайып, пенсионерлердин саны өсөт. Буга иликтөөлөр негиз болууда". Мындай пикир бүгүн пенсия маселесине арналган тегерек столдо айтылды. Соцфонддун өкүлү билдиргендей, учурда ишке жарамдуу деп эркектер арасында 16 жаштан 62 жашка чейинкилер эсептелет. Аялдар арасында 16 жаштан 57 жашка чейинкилер. Бул жалпы калктын 61 пайызын түзөт. "Эркектердин пенсияга чыгуу курагы 62 жаш, аялдардыкы 58 жаш болуп саналат. 2050-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрөт. Ишке жарамдуу адамдар кыскарып, жалпы калкка салыштырганда пенсияга чыккандар 16,2 пайызга өсөт",- деди Социалдык фонддун өкүлү. Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө ылайык, 2050-жылы эркектердин орточо өмүр жашы 63,3 жаштан 72,7 жашка чейин, ал эми аялдарда бул көрсөткүч 73,5 жаштан 78 жашка чейин деп белгиленет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан