Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында өрт кырсыгынан бир адам каза болду. Мерт болгон Шаршеналы Арыков 64 жашта болгон. Аталган айылдын Токтогул көчөсүндөгү №5-үйдө жашаган бул адам өз үйүндө жыгач полдун күйүшүнөн улам кырсыкка кабылган. Окуянын себептери иликтенүүдө.