Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 17-ноябрда саат 22:00 чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Жыргалбеков Кайрат өзүнүн Мерседес Бенц 200 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Чолпонбай көчөсүндө баратып, каршысында келе жаткан Карадуманов Алинин ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп алган. Натыйжада айдоочуларга материалдык зыян келтирилген.