ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Табышмактуу жагдайда жол кырсыгынан каза тапкан тунгуч өкмөт башчы Насирдин Исанов 74 жыл мурун Ноокат районунда туулган

Кыргыз мамлекетинин биринчи премьер-министри Насирдин Исанов 74 жыл мурун 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел деген айылда жарык дүйнөгө келген.
Ал Москвадагы Инженердик-курулуш институтун жана Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, эмгек жолун Москва шаарындагы курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Андан кийин Ош шаарынын Курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк башкы инженер, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, "Нарынгидрострой" курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-президенти кызматтарында эмгектенген.
1990-жылы президенттик шайлоого катышып, Аскар Акаевден кийин 2-орунду ээлеген. Аскар Акаев берген убадасы боюнча аны 1991-жылдын 22-январында премьер-министр кылып дайындайт.
Бирок 1991-жылы 29-ноябрда 48 жашында түшүнүксүз жагдайда Бишкек-Ош унаа жолунда автокырсыктан көз жумуп, Ала-Арчакөрүстөнүндө жерге берилген. Эл ичинде “Акаев Исановдун саясий кадыр-баркынан чочулап, ошон үчүн атаандашынын көзүн тазалаткан” деген кептер айтылып келет.
Ал Экономика илимдеринин кандидаты, СССР Инженердик академиясынын академиги наамдарына татып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган. Ошондой эле Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору болгон.
7-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bosmos77777
2017-11-07 18:49:10
Кыргыздын намыска бек уулдары!!! Кыргыз азыр абдан ушундай, уулдарына зааргып турат!!! Кимде ? Ким ? Кыргызды ушул кишидей бутка тургузам десе!!! Ак кызмат кылам десе. Калган омуру жана арбагы колдосун!!! Келечекте ушундай кырсык кылам деген. Кара ниеттин,уй булосуно жана Озуно тийип."Казган ооруна,Озу тушсун!" Мындай ак инсандарбыз! Кыргызга аман болушун! Жараткандан тилеймин!!!
-5
Bek4590
2017-11-07 19:30:33
bosmos77777, Арбагы колдобойт, бирок Насирдин Исанов кыргыздын мыкты жигити болгон.
+15
bosmos77777
2017-11-07 20:48:37
Bek4590,Дин тутунупжашасан!!! Тирилигинди кылчы! Кыргыздын канына синген нерсени! Жок Кыла албайсын! Дин тутунуу менен "Манкуртка" айланбагын!!!
-24
Eksvp_1
2017-11-07 21:16:38
bosmos77777,туура айтасың
-19
Ailo
2017-11-07 23:33:07
bosmos77777,Дин тутунган манкурт болбойт. Тообо деп жаз, Аллахтан корк!
+10
Shekeev969798
2017-11-07 22:16:29
Bek4590, Колдошу мумкун сен эмне кудайсынбы колдобойт деп кесе айткыдай?
-13
bakyt78
2017-11-07 21:07:35
bosmos77777, Жакшы эле жазып баратып айнып кетипсин. "Калган омуру жана арбагы колдосун" депсин. Арбак кантип колдойт тушундуруп берчи мага, олгон адам кантип колдойт? Сен олсон бизди колдой аласынбы?
+16
grace
2017-11-07 18:54:55
Ушундай асыл адам президент болгон болсо азыркы арамдык иштер болбойт эле го, аттиң! Кудайым Кыргызстанга жакшы эл башчы, жакшылык күндөрдү насип кылсын ылайым!
+8
Eli.91
2017-11-07 20:50:53
Бир жумуштар менен Кок-Белге барып калдым ошондо айтып калышты ушул уйдо чонойгон деп,ОЗУ да бир тууган байкеси окшойт такси кылат экен бирок байкеси да абдан жакшы Адам экен,уйу прастой эле экен,аа биздикилер бийлике келсе туугандарын да котормолоп салат,эл учун иштегендер ушунусунан эле билинсе болот?азыркыларчы олбо жаным олбо дешип байлыктыда кошо тиги дуйного алып кете тургансып чогултушат невере севере гибиресине чейин.
+7
Kroxa
2017-11-07 21:09:14
Балким автокырсыкпы мен окуганым боюунча чолпон атадан гостиницадан тумчуктуруп жаздык менен.олтурулгон..???
+5
taalay25
2017-11-07 23:10:51
Kroxa, Чолпон Атада Султан Ибраимовду Кыргыз Сср министрлер советинин торагасын олтургон. Экоо эки башка адам. Исанов Жалал абатта авто кырсыктан коз жумган
+6
monok2001
2017-11-07 22:57:29
ош карасуу жолунда канадалык инвесторлор моюнун сындырып олтурушкон
+5
Jyrgal_msk
2017-11-08 11:29:01
monok2001,Кумтордун алтынын казып жаткан канадалыктар олтургон.Канаданын пайдасына чечиле турган кагазга кол койбой койгон.Канадалыктар кыргыз окмотун азыр каалагандай калчап ойношот.
+1
NURSAPAR
2017-11-07 23:39:49
Анык инсан,Кыргызстан деп күйгөн жүрөгүндө оту бар патриот адам,азыркы кузгундарга окшобогон адам жаткан жери жайлуу болсун
+4
bosmos77777
2017-11-08 02:46:22
Жогорудаагы дин тутунуп!!! Манкуртка айлангандар!!! Бул Кыргыздын уулу !!!Терен илим,билим алып. Элине ак кызмат кылып.Бул дуйного из калтырган. Силер диний маселеле чечкиче! Дуйнонун ботон улуттар башкарып келет. Кыргыздын тарыхын окуп. Оз Ата баба жолун! Унутпагын!!!
-7
DIAFRER
2017-11-08 12:54:48
bosmos77777,
Анык маңкурт сенсиң! Илеп белгилериңди көргөндө "аллергия" болом. Жазганыңдын маанисин түшүнүп болбойт! Көкүрөгүң сокур болсо биздин колдон эмне келмек? Жогоруда ким кыргыздын уулу эмес деп жатат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан