Жалал-Абад. Облуста азык-түлүк коопсуздугун сактоо аракеттери улантылууда
2012-жылдын
19-ноябрына карата Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан Жалал-Абад
облусуна 584,68 тонна I сорттогу, 60,95 тонна II сорттогу, бардыгы
болуп 645,63 тонна ун алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, келген ундан 460,42 тонна I сорттогу, 7,15 тонна II сорттогу ун сатылды. Азыркы учурда 178,06 тонна ун бар. Мамлекеттик материалдык
резервдер фондусу аркылуу Жалал-Абад облусунун район-шаарларына ун алынып келүү
улантылууда. Ал эми Чаткал районуна “Акун” фирмасынан унду килограммын 26 сомдон жалпы 500 тонна жеткирүү боюнча иш алып барылып,
азыркы учурда 20 тонна ун жеткирилди. Тогуз-Торо
районуна Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан 100 тонна ун бөлүнүп,
анын 50 тоннасы "Кыргыз алтын" ААКнын транспорттук каражаттары менен жеткирилип, жеринде сатылууда.