Ош облусунун Өзгөн районунда жамгырдан кийин дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 353 гектар жерди каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде нөшөрлөп жааган жаандан соң Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы 107 гектар бак тигилген үлүш жерди жана "Өзгөн Девзара" кооперативинин 246 гектар жерин каптаган. Андан сырткары 50 турак жайды суу каптоо жана дарыянын жээгин суу жеп кетүү коркунучу жаралган.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда ал жерде ӨКМнын ыкчам тобу иш алып барып жатканы айтылат.