Лейлекте жергиликтүү депутатка ок чыгарган адам кармала элек

Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновго ок чыгарган адамды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.

"Үйдүн короосунан аталган депутатка ок чыгарган адам кармала элек. Ок атуу окуясы боюнча кылмыш иши козголду, Лейлек РИИБи тарабынан атайын ыкчам топ түзүлүп, аталган жагдай боюнча иш алып барышууда. Учурда милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо аракеттерин көрүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Облустук администрациянын басма сөз кызматы төраганын абалы оор экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-11-07 12:08:13
Бир куноосу жок байкушту алып келип тыгышып койбосолор экен.
+1
shirinai
2018-11-07 14:09:23
Табышпайт да,куноосу жок башкушту уруп,сабап мойнуна алдыртып,ишти жаап коюшат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан