Быйыл Орусиянын эң жаш мыкты футболчусу деп бишкектик Илзат Ахметов табылды. Ал учурда Москванын ЦСКА командасынын оюнчусу. Илзат бул ийгилиги менен кыргыз футбол талааларынан карьерасын баштап, мадриддик “Реалды” да жеңсе болорун далилдеп берди.
“Сыйлык алганыма абдан кубанычтамын. Буга чейин машыктырып келген жана учурда машыктырып жаткан насаатчыларыма ыраазычылык билдирем", - дейт ал.
Орусияны багындырган бишкектик Илзат Ахметов тууралуу кызыктарды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№842, 21-декабрь, 2018-жыл) окуй аласыз.