Бишкекте "Айфонду" алдоо жолу менен тартып алган киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрелде 55 миң сомдук "Айфон" үлгүсүндөгү телефонун тарттырып жиберген жаран милицияга арыз менен кайрылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1995-жылы туулган, ИИМде уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары катталган, буга чейин "каракчылык" боюнча соттолгон адам кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Анын буга чейин ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Милиция тараткан сүрөткө ылайык, шектүүнүн бою 2 метрге чукул.