Орловка шаарында добуштар толугу менен саналып бүттү

Чүй облусуна караштуу Орловка шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуштар толугу менен саналып бүттү. БШКнын берген маалыматына ылайык, "Республика" - 562 (35,3%), КСДП - 458 (28,77%), "Ата Мекен" - 197 (12,37%), "Ар-Намыс" - 166 (10,43%), "Замандаш-Современник" - 117 (7,35%), "Ак Шумкар" 44 добушка (2,76%) ээ болушту. Ал эми шайлоочулардын арасында баарына каршы добуш бергендер болгон жок. Кошумчалай кетсек, Орловка шаарында 3707 шайлоочу каттоодон өтүп, алардын 1271и (34,29%) добуш беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан