Бишкек шаардык кеңешине азырынча 4 партия өтүп жатат

БШКнын саат 7:50гө карата берген маалыматы боюнча Бишкек шаарында добуштардын 58,62 пайызы саналып бүттү. Участкалар боюнча алып караганда 203 шайлоо өткөн жердин 119унда жыйынтыктар белгилүү болду. Азырынча шаардык кеңешке кирүү укугун берчү 7 пайыздык барьерди 4 партия басып өттү:
1. КСДП – 32,02% (22900 добуш)
2. "Республика" – 17,98% (12800)
3. "Замандаш-Современник" – 10,12% (7200)
4. "Ата Мекен" – 9,91 % (7000)
Мындан тышкары "Ар-намыс" 4,8%, "Ак шумкар" – 4,7%, "Мекен ынтымагы" – 3,4%, "Тоскоолдуктарсыз жашоо" – 1,8%, "Бүтүн Кыргызстан" – 1,6%, "Ата Журт" – 1,4%, "Борбор" – 1,3%, "Адилеттүү Кыргызстан" – 1,3% жана "СССР" - 1,1% добуш менен баратышат. Ал эми баарына каршы 2,48 % добуш берилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан