"Таза шайлоо": "Шайлоодо маркердин ордуна спрей колдонулган учурлар болду"

"Таза шайлоо" ассоциациясы бүгүн журналисттерге берген маалымат-жыйынында маркердин ордуна спрей колдонулганын маалымдады. Мындай факт Кара-Суу районунда катталган. Ошондой эле "Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова мыйзам бузуулар тууралуу БШКга 10 арыз жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Аталган ассоциация тарабынан айрым мыйзам бузуулар тууралуу фактылардын тизмеси: №1306, 1341, 1334-шайлоо участкаларында бюллетень таштоого аракет жасоо/бюллетень таштоо; Шайлоо участкаларынын ичинде жана ичинде үгүт иштерин жүргүзүү бардык участкаларда катталды; Шайлоочуларды сатып алуу/алып келүү №1308инчи жана №1301-шайлоо участкаларында катталды; Маркировканы туура эмес белгилөө; Каттоодо жок жаранга бюллетень берүү фактысы №1104, 1134, 1341, 1152, 1208-шайлоо участкаларында катталды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан