АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Кыргызстанга келет

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Венди Шерман Индия жана Казакстанга жасаган расмий иш сапарынан кийин Кыргызстанга да келери маалым болду. Казакстанда Шерман айымдын казак тарап менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча бир катар жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылган. Бишкекте АКШнын мамкатчысынын саясий маселелери боюнча орун басары өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар менен жолугушмакчы. Ошондой эле анын күн тартибинде өлкөбүздө демократияны жайылтуу үчүн күрөшүп жаткан жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу бар. Айта кетсек, В.Шерман Индияга 24-ноябрда сапар тарткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан