Президент Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзам ЖКда үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында кабыл алынган. Анын максаты - Эмгек кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюу. Жаңы мыйзам эмгек менен камсыз кылуучуларды мамлекеттик ишке орноштуруу кызматына ишканасындагы бош орундар тууралуу маалымат берип турууну милдеттендирет. Ошондой эле ишсиз калган жарандарды ишке орноштуруу кызматында каттоо мөөнөтү да узартылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан