Тажикстандын КРдагы элчиси ТИМдин жетекчисине Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды
Кыргызстандагы Тажикстандын толук жана ыйгарым
укуктуу элчиси О.Рахимов Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Өз кезегинде министр Э.Абдылдаев О.Рахимовду кызмат орду менен куттуктап, кыргыз-тажик кызматташуусун бийик деңгээлге чыгарууга ишеним билдирди.