Саясий серепчи Табылды Акеров: "Республика" партиясынын кара пиарлары кайра өзүнө тийди" (Маек)

Кечээ болуп өткөн шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тегерегинде саясий серепчи Табылды Акеров менен маек курдук.
-Табылды агай, саламатсызбы? Мына, шайлоо аяктап, жыйынтыктары чыгарылууда. Сиздин оюңузча, шайлоо кандай өттү?
-Ар бир эле шайлоодо майда-барат кемчиликтер болот. Бул шайлоодо эл эркин добуш бере алды деп айта алам. 
- "Шайлоодо добуштар сатып алынды" деп жатышат. Сиз буга кандай комментарий бересиз? -Менин айтарым, шайлоонун алдында кайсы партия кандай иштесе, ошондой жыйынтыкты көрө алды. Көп саясий партиялар стратегиялык маанилүү шаар болгон Бишкек шаардык кеңешке гана ат салышкандай болуп калды. Бирок мында 25 шаарда шайлоо өткөнү баарыбызга маалым. Мисалы, КСДП, “Ата Мекен” партиялары шайлоого өзгөчө маани беришип, жакшы даярдыктарды көрүшкөн. Андыктан алар аймактардан да алдынкы орундарга илиништи. Ал эми “Республика” партиясына 3 губернаторлук, 24 аким караса да, алар аталган аймактарында жеңип чыга алышкан жок. Буга “Республика” менен “Ата Мекендин” ортосундагы чыр дагы себеп. 
-Демек, сиздин оюңузча, “Республиканын” жетишкен көрсөткүчүнө кара пиарлары таасир этти...
-Ооба. “Республиканын” жасаган кара пиары кайра эле келип өзүнө тийип калды. Укук коргоо кызматкерлери, прокуратура да “Ата Мекендин” талап-тоноочулукка тиешеси жок экенин аныктагандан кийин, кара пиар кайра “Республиканын” өзүнө айланып келди.
-Ал эми “Ата Журт” партиясы тууралуу кандай пикир айта аласыз? ЖКга шайлоодо эң биринчи орунга чыккан партия шаардык кеңеште аз добушка ээ болуп калды... 
-“Ата Журт” партиясы башында эле өздөрүнүн рейтингин түшүрүп алган. Парламенттеги ызы-чуу, талаш-тартыштары менен. Андан кийин “Кумтөр” маселесин алып чыгып рейтингин көтөрүүгө аракет кылышты. Бирок тосмодон секирип түшүү сыяктуу туура эмес тартиптерди көрсөткөн соң кайрадан алардын деңгээли түшүп кетти.
-Эми айтсаңыз, "бийлик КСДПнын колунда болгондуктан, аталган партия административдик ресурсту колдонду, добуштарды сатып алды" деген кептер айтылууда. Сиздин пикириңизде, чын эле ушундай болдубу же жогоруда өзүңүз белгилегендей, шайлоого алдын ала көрүлгөн жакшы даярдыкпы?
-Мен КСДП добуштарды сатып алды же административдик ресурсту колдонду дегенден алысмын. Анткени ошол эле бийликке кирбеген “Замандаш-Современник” партиясы өздөрүнүн кылган эмгектеринин үзүрүн көрүп, шаардык кеңеште алдынкы орунга илиништи. Алар да КСДП, "Ата Мекен" сыяктуу шайлоого алдын ала даярданышкан. Ошол эле ЖКдагы “Ар-намыс” партиясы анча даярдык көрбөй, Өмүрбек Суваналиевди алдыга коюп, ошол адамга таянып алышты. Жыйынтыгын өзүңөр көрдүңөр кандай болгонун.
-Сиздин оюңузча, Бишкек шаардык кеңешке кайсы партиялар келет? 
-Бул боюнча мурда эле анализ жүргүзүп, божомолдорумду айткам. Менимче, Бишкек шаардык кеңешине КСДП, “Замандаш-Современник”, “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Республика” партиялары келет.        
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан