Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугун көлдүк "Кабылан" жеңип алды

Бишкекте өтүп жаткан ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиону аныкталды. Баш-аягы 6 команда ат салышкан биринчиликтин финалында "Кабылан" (Ысык-Көл) жана "Кожомкул" (Чүй) командалары өз ара күч сынашты. Натыйжада беттеш 6:4 эсебинде "Кабыландын" пайдасына чечилди. Чемпион болгон команда кубок жана наамдан тышкары 200 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми финалда жеңилүү ызасын тарткан "Кожомкулга" 100 миң сом ыйгарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан