Эртең Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлери менен Европалык комиссиянын вице-президентинин жолугушуусу өтөт
Эртең Бишкек шаарында Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европалык комиссиянын вице-президенти К.Эштон Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрөт. Жолугушууда аймактык жана эки тараптык кызматташуу тууралуу маселелер каралат. Ошондой эле иш-чарада коопсуздук, адам укуктары, демократия тууралуу маселелер талкууланмакчы. Кыргыз делегациясын ТИМдин жетекчиси Эрлан Абдылдаев жетектейт.