Талас облусундагы Кара-Буура райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакболот Райымкулов: "Биз ар дайым районубузга караштуу айылдардын социалдык объектилеринде атайын өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз" дейт. Алар ноябрь айында Кара-Буура районунун Чолпонбай айылындагы С.Садыков атындагы орто мектепте болуп, окуучуларга өрт коркунучу болгон убакта кандай аракеттерди көрүү керектигин көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.