Японияда дүйнөдөгү эң жалгызсыраган делген дельфин өлдү

Японияда кичинекей бассейнде дүйнөдөгү эң жалгызсыраган деп эсептелген Хани аттуу дельфин өлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы Ханини Тайдзи айылына жакын жерден кармап алышкан. Ал 46 пингвин жана башка сууда жүрүүчү жаныбарлар менен атайын жайда кармалчу. Бирок Фукусимада орун алган жер титирөөдөн кийин аталган жайга эч ким келбей ал жабылып калган.

Каралбай калган жаныбарларды 2018-жылдын башында табышкан. Акыркы 2 жылда Хани Тесидеги кичинекей парк-аквариумда жашаган.

АКШнын кайрымдуулук фонддорунун бири Ханини сатып алып эркиндикке чыгарууну көздөшкөн. Бирок парктын жетекчилиги макулдугун берген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikaaaa
2020-04-22 09:18:30
Эмнеге макулдугун берген эмес, анда жок дегенде жанына башка дельфин алып келип кое берип коюшпайт беле, жалгызсыраттырбай, анан да ат коюп коюшканын кара
+3
Kennedy
2020-04-23 03:41:27
Жанагы Хабиб аю менен күрөшүп, жаныбарларларга туура эмес мамиле жасады, айып пул төксүн - деген, жаныбарларларды коргоо уюмдары эмне үчүн муну сотко ошол кезде берген эмес деген ойлор келет да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан