Бразилиялык белгилүү футболчу Неймардын апасы Надин Гонсалес сүйгөнү бразилиялык киберспортчу, 22 жаштагы Тьяго Рамосту таштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түгөйлөр Тьягонун мурунку мамилесинен улам ажырашып кетиши мүмкүн. Себеби 22 жаштагы киберспортчу эркектер менен жана Неймардын ашпозчусу менен да мамиледе болгон. Неймардын апасы 19-апрелде өзүнүн үйүнөн 22 жаштагы сүйгөнүн кууп чыккан. Эки түгөйдүн ортосунда 30 жаш айырма болгон.
Буга чейин Неймар өгөй аталуу болуп калышы мүмкүн экендиги кабарланган.