Ата мекендик интернет сайттардын бирине чыгып кеткен "Кара-Көлдө шайлоо учурунда бир талапкер шайлоочуну сабап койду" деген маалымат тууралуу облустук ИИБ билдирүү жасады. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бул тууралуу: ”Эч кандай талапкер эч бир шайлоочуну сабаган эмес. Биздин кызматкерлер текшерүү жүргүзүшүп, жабыр тартты деген жаранды табышты. Ал адам аны эч ким сабабагандыгын жана абалы жакшы экендигин айтты. Бул - ушак кеп",- деп билдирет. ОИИБдин маалыматы боюнча, Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнө акыркы күндөрдө сабоо тууралуу арыздар түшкөн эмес. ”Мындан тышкары кызматкерлерден сураганыбызда, сабоо тууралуу эч кандай арыздар түшкөн эмес, керек болсо ушак да чыккан эмес”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.