Өзбекстан 2020-2030-жылдарга карата өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоонун концепциясын бекитти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта энергетикалык долбоордун концепциясынын стратегиясы эл аралык эксперттердин катышуусунда иштелип чыкканы айтылат.
"Долбоор калктын энергетикалык керектөөсүн камсыздоо максатында бул тармакты түп тамырынан бери реформалоого багытталган. Анда жаңы электр станцияларын куруу, эскилерин жаңылоо, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү, тариф саясатын жакшыртуу жана дүң рынокко өтүүнү камсыздоо каралган. Ага ылайык, Өзбекстан 2030-жылы электр энергиясын өндүрүүнү 63,6 миллиард киловатт сааттан 120,8 киловаттка чейин көбөйтүүнү пландоодо", - деп жазылат маалыматта.