Бул биринчиси эмес. Дональд Трамптын Голливуддун даңк аллеясындагы жылдызын талкалап кетишти

АКШ президенти Дональд Трамптын Голливуддун даңк аллеясындагы жылдызын талкалап кетишти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, президенттин жылдызынын эмнеге талкалангандыгы белгисиз. Бул АКШнын ондогон шаарларында болуп жаткан нааразычылык акциясынан улам талкаланышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, АКШ президентинин Даңк аллеясындагы жылдызы биринчи жолу талкаланган жок. 2018-жылы белгисиз адам Даңк аллеясына келип, президенттин жылдызын талкалап салган. Андан кийин ал адам полиция кызматкерлерин чакырып, өзү белгисиз жакка качып кеткен. Кийинчерээк ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы аныкталган. Ушундай эле окуя 2016-жылы дагы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-BOSS-
2020-06-01 23:32:19
Дональд Трамптын Голливудка кандай тиешеси бар, ал жакта шоубизнес, киножылдыздар эле болуш керек беле?
+2
Kanchoroasanuulu
2020-06-02 00:23:21
Убагында актёр болгон.
+4
bond02
2020-06-02 09:04:58
Трамп деген жылдыз очту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан