Орусиянын президенти Владимир Путин жеке кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн журналисттерге көрсөттү. Бул тууралуу сюжет орус телеканалдарынын биринен көрсөтүлөт.
Анда орус лидери келген журналисттерди мурда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн сыр болуп келген бөлмө менен тааныштырган.
"Жашыруун бөлмөдө кабыл алуулар болбойт. Бул жер эс алууга ыңгайлашыптыр. Бөлмөдө тамактануучу жана эс алуучу жайлар бар. Мындан тышкары ал жакта орус императору Петр Iдин сүрөтү илинип турат", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, бул бөлмө жөнүндө берүү учурда даярдалып жатат, келерке аптада көрүүчүлөргө телеканалдардын биринен көрсөтүлө тургандыгы жазылат маалыматта.