Орусиянын Удмуртия Республикасында 35 жаштагы аял кош бойлуулугун жашырып жүрүп, төрөгөндөн кийин баласын баштыкка ороп таштап салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, апрель айындагы күндөрдүн биринде толгоосу келген аял үйүнөн чыгып, айылдагы Маданият үйүнүн артындагы талаадагы чөптүн арасында көз жарган. Андан кийин баласын баштыкка ороп койгон. Тергөө иштеринин жыйынтыгында ымыркай үшүп каза болгондугу аныкталган. Аял бул кылмышын материалдык оор абалы жана жеке жашоосундагы көйгөйлөр менен байланыштырган. Топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп берилген, эгерде күнөөсү аныкталса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат маалыматта.